lirik lagu salamat sadikova – aytsan bolo (please tell me)
кайда барсам, ошондо да сен болосуң
өр таянсам гүлү көп да бел болосуң
суусап кетсем көк кашкада булак болуп
ысып кетсем, ысып кетсем айдарымда жел болосуң
китеп ачсам карайсың сен тамга болуп
бакка кирсем карайсың сен алма болуп
комуз алсам күү болуп да жашыл бакта
булбул болуп, булбул болуп сайрайсың сен талга конуп
тереземден киресиң сен аба болуп
дартты айдайсың денемдеги даба болуп
канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү
сагынтасың, сагынтасың чеги жок да санаа болуп
сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң
дайын жоктон жаралып сен бар болосуң
баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң
качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?
баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң
качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?
качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?
Lirik lagu lainnya:
- lirik lagu misfire – he said, she said
- lirik lagu toro – dust
- lirik lagu more more jump! – メタモリボン (metamo re:born)
- lirik lagu vermilllixn – bitter pill
- lirik lagu atta girl – 九月(september)
- lirik lagu mosè cov – moulin rouge
- lirik lagu kerstin ott – einfach nein
- lirik lagu zyeko – hell nah
- lirik lagu the high violets – dum dum
- lirik lagu painway – cyberwar