lirik lagu сыймык бейшекеев – ак көйнөк
коңур күздө түшөт сары жалбырак
келчү жолуң күтөм карап жалдырап
сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип
көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап
жолугууга ак көйнөгүң кийип кел
жоодур карап бул жашоону сүйүп кел
кабагыңдан капалыгың сездирбей
жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел
бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел
сени күтүү — зор бакыттын дал өзү
сени күтүү — ак сүйүүнүн өзөгү
ал ансайын сендик сезим артылып
сага болгон махабатым күчөдү
жолугууга ак көйнөгүң кийип кел
жоодур карап бул жашоону сүйүп кел
кабагыңдан капалыгың сездирбей
жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел
мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел
батыраак кел күзгү жаанга карабай
басалы бул эски бакты аралай
сапырылган жалбырактар шуудурап
кыялымды алып учат сабалай
жолугууга ак көйнөгүң кийип кел
жоодур карап бул жашоону сүйүп кел
кабагыңдан капалыгың сездирбей
жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел
мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел
жоодур карап бул жашоону сүйүп кел
кабагыңдан капалыгың сездирбей
жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел
бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел
мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел
Lirik lagu lainnya:
- lirik lagu heazyboymc – loveless
- lirik lagu tomorrows another day – …and with that, i want to leave
- lirik lagu šajzerbiterlemon – strepnja
- lirik lagu david e. williams (2) – i have forgotten how to love you
- lirik lagu sickboyrari – edward scissorhandz
- lirik lagu kylie cantrall – head in the clouds
- lirik lagu youngcxld – aurora
- lirik lagu jvke – original sound
- lirik lagu rubens de rosas – condanna preimpostata
- lirik lagu the winners – jingle bells punk rock