lirik.web.id
a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9 #

lirik lagu добр – алтын апам

Loading...

ааламда теңдеши жок асылым алтын апам,
жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам.
жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана,

жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага.
тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам,
алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам.
бал ширин сөздөр менен эриткен жан дүйнөмдү,
ар дайым бир өзүмө сүйүктүү жаккан апам.
балам деп дайым күйгөн эненин таламында,
унутпайлы бейиш төрү эненин таманында.
бой тартып чоңойгондо ороңдоп четке какпай,
барктайлы апаларды көзү тирүү, аманында.
агарган ар бир чачың, биз үчүн аккан жашың,
ааламды сактайт тура энелик ыйык атың.
эр жетип мына эми турабыз алдыңызда,
эркелеп жетеличи, апакебай, баркыңызга.

түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам
түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам.
үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап
онтосом, чогуу онтоп, ооруган алтын апам.
канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам,
кайгырып капалансам арылткан жүктөн апам.
кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда,
санааркап жолду карап, сагынып күткөн апам.

жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз тө
ккөн, оозанткан эне сүтүн балалыкта эбак өткөн.
мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген,
апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм.
көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын,
бой жетип чоңойсом да өзүңө мен жаш баламын
кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин,
актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар
саламын. талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме,
көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине.
баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме,
жаратып бул жашоого жарык нур бергенине.
бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен,
алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен.
тилеймин жараткандан жалынып мен күнүгө,
берсе деп апакеме акыреттик бейишинен


Lirik lagu lainnya:

LIRIK YANG LAGI HITS MINGGU INI

Loading...