lirik lagu aga-ini – байланамын (i’m attached)
[текст песни “байланамын” aga~ini]
[1~куплет emir]
мынча эмнеге назиксиң жаным?
болчу түбөлүккө сен жарым
кол кармашып, сырларды ачып
бийлеп, биз билбейли жашоонун кайгысын
табабыз айласын, тагдыр канчалык оор болбосун
мейли! жаан жаасын, кар жаасын
биз өчүрбөйбүз сүйүүнүн очогун
болсо эле багыт сенде мени карай
назданып жок десең да жарайт
анткени жараткандан тиленем
бир өзүңө ишенем!
сени коё берсем эле
жеңилем, жолдон адашам
өрүлгөн чач сага жарашат
сүйлөбөйсүң каяша, басалычы жанаша
биздин келечек ачык болсун деп
[мост]
жүрөгүмдүн ээси, арзууларым өзүңө чексиз
сагынып жүдөйм, кайгыга чөгөм сенсиз
бир сени менен келечекти курсак дейм
эч жеңилбей, жашоодогу сыноолорго деги!
[кайырма x2]
байланамын…
байланамын бир өзүңө
байланамын…
байланамын мүнөзүңө
менин багым ачылып гүлдөйт эгер
сен менен болсом дайым
[2~куплет kaibar]
сен менин белегимсиң, менин тилегимсиң
сени эч кимге бербейм
сүйгөн кызым, жалгызым, сени айга теңейм
анткени сен болдуң ширеси кереметтүү бул жашоомдун
биз үчүн жеңип өтөм сыноолорду
сен менин жанымда болсоң болду
бер! колуңду жаныма келип
мендеги кусалыкты кемит
өзүң деп кооз гүлдөрдү терип келемин, жашоодо жыргалым, кымбатым, берметим
сенсиң түгөйүм, татынам
чексиз мен сага тартылам
экөөбүздүн махабатыбыз алоолоп дайыма
күйө берсин биздин ортобузда
[мост]
жүрөгүмдүн ээси, арзууларым өзүңө чексиз
сагынып жүдөйм, кайгыга чөгөм сенсиз
бир сени менен келечекти курсак дейм
эч жеңилбей, жашоодогу сыноолорго деги!
[кайырма x2]
байланамын…
байланамын бир өзүңө
байланамын…
байланамын мүнөзүңө
менин багым ачылып гүлдөйт эгер
сен менен болсом дайым
Lirik lagu lainnya:
- lirik lagu deekay – fall like the rest
- lirik lagu nic violets – geek
- lirik lagu indyo chromatic – money up
- lirik lagu rio da yung og – stay wavy
- lirik lagu jealousy, the – the desert
- lirik lagu pomplamoose – get me out
- lirik lagu c-sen – tu me manques
- lirik lagu anselmo ralph – quase te perdi
- lirik lagu s club 7 – natural (crash & burn mix)
- lirik lagu stach bukowski – czewony suv